• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Сокулук районунда "Камкордук" аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 9-10-февраль күндөрү Сокулук районунун аймагында жаш өспүрүмдөр арасындага тартип бузууларды, зордук-зомбулуктарды болтурбоо, ошондой эле кылмыштуулуктарды алдын алуу максатында "Камкордук" аталышындагы рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Сокулук РИИБнин аймактык тескөөчүлөрү, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, билим берүү бөлүмү, социалдык өнүктүрүү кызматынын, ошондой эле Сокулук жана Крупская айыл аймагынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөрдү аныктоо жана аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн түнкүсүн кафе-ресторандар, түнкү клубдар, компьютердик клубдар текшерилди.

Текшерүү учурунда жарандарга тейлөө көрсөткөн жайлардын администрацияларына жаш өспүрүмдөргө байлануштуу алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Түнкү мезгилде ата-энелеринин жана жакындарынын коштоосу жок жүргөн 8 өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелери чакыртылып, аларга балдары түнкү мезгилде көчөлөргө жалгыз коё берүүгө болбой тургандыгы айтылып, балдары өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий