• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Чүй облусунда 3,5 миңден ашык аял ракка каршы текшерүүдөн өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын июнь айынан бери Чүй облусунда 3,5 миң аял эмчек жана жатын моюнчасынын рагы боюнча текшерүүдөн өткөн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук районундагы Жаңы-Жер Үй-бүлөлүк дарыгердер тоб жана Жалпы дарыгердик практика борбору Кыргызстанда эмчек рагы жана жатын моюнчасынын рагы боюнча скринингдик программанын башталгыч аянтчасы болуп калды.

Ошентип, 2022-жылдын 15-июнунан бери 3500 аял текшерүүдөн өтүп, анын ичинен бир аялда эмчек рагы аныкталган. 2441 аял эмчек рагына, 2219 аял жатын моюнчасынын рагына скринингден өткөн. 1100 аялда жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар аныкталып, дарыланган. 2029 аял үй-бүлөнү пландоо боюнча консультация алышкан.

Белгиленгендей, КР Саламаттык сактоо министрлиги Чек арасыз дарыгерлер эл аралык медициналык гуманитардык уюму (MSF) менен биргеликте эмчек жана жатын моюнчасынын рагын алдын алуу боюнча жаңы программаны ишке киргизген, анын максаты ракты эрте аныктоо жана үч жылдын ичинде 60 миңге жакын аялдарды камтуу пландаштырылган.

Эмчек жана жатын моюнчасынын рагы Кыргызстанда аялдар арасында эң көп катталган рак ооруларына кирет, ошондой эле бул рак оорулары өлүмдүн негизги себеби болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий