• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жыл ичинде үч эсеге өстү. 65 миңден ашуун ишкер ККМ колдонууда

Экономика 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. 2022-жылы контролдук-кассалык машиналарды колдонгон ишкерлердин саны үч эсеге көбөйүп, бүгүнкү күндө 65 миң 422 субъектти түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

ККМди колдонгон субъекттердин мындай көбөйүшүнө салык органдары тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иш-чараларынын, ошондой эле ишкерлерге 10 миңден ашык гибриддик ККМди бекер таратуунун натыйжасы себеп болду.

ККМди колдонуу системасын өнүктүрүүгө Салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы да оң таасирин тийгизди. Акциянын жүрүшүндө жарандар товарларды сатып алууда, жумуштарды жана кызматтарды пайдаланууда кассалык чектерди активдүү талап кыла башташты.

2023-жылы Салык кызматы ККМ менен иштөөгө милдеттүү болгон ишкерлерге кассалык аппараттарды орнотуу боюнча активдүү ишин улантат.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын 1-мартында фискалдык модуль менен иштөө функциясы жок ККМди колдонуу мөөнөтү аяктайт.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана ККМди колдонууга милдеттүү ишкерлерди көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин ККМди модернизациялоого же жаңылоого чакырат.

ККМди пайдалануу салыктарды адилеттүү төлөө жана бизнести ачык жүргүзүү үчүн шарттарды түзүп, ишкерди кассалык отчеттуулуктун бүтүндөй топтомун тариздөөдөн куткарат.

Пикир

Оставить комментарий