Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө бүгүн жакынкы бир сааттын аралыгында жана кечинде күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.
Пикир
Оставить комментарий