• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте таштанды иргөө үчүн челектер орнотулду

Коом 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Бишкекте таштанды иргөө үчүн челектер орнотулду, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун демилгеси менен демөөрчүлөрдүн эсебинен таштанды сорттоочу урналар орнотулду.

Биринчи этапта 10 даана таштанды челеги даярдалып, алар төмөнкү даректер боюнча тротуарлардын боюна орнотулган:

1. "Чыгыш-5" кичи району, Арбат - үч даана;
2. Чүй проспектиси менен Курманжан Датка көчөсүнүн кесилишинде - эки даана;
3. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры - бир даана;
4. Бөкөнбаев - Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде - эки даана;
5. "Кыргызтелеком" ААКнын алдында - эки даана;
6. Чүй проспекти-Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги мектептин жанында.

Пикир

Оставить комментарий