Чукул кабар: Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

Коом 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы 1 саат аралыгында жана кечинде болжол менен ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн.

Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырууда.

Пикир

Оставить комментарий