• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

"Жармастан": Сайказан жармачысы кечирим сурады

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Сайказан жармачылары элде жок эреже менен иштеген кызык немелер. Андай эрежесинин бири - дресс-код. О-уу, бу дресс-код эрежесинин тарыхы өзүнчө эле жомок. Бир ирет бешинчи чакырылыштын жармачысы Урсунбай Факыр уулу Сайказандын экинчи кабатына жайма-жай чыгып баратса, алдынан кыска көйнөк кийген бир кыз чыга калып, түлкүдөй мант берип өтүп кетиптир. Түгөнгөн кыздын басканы ошондойбу кандай, айтор жөн өтпөй жамбашты чайкап туруп өтүп кеткен экен, аны байкаган жармачы Урсунбай Факыр уулу мүдүрүлүп кете жаздаптыр.

Жармачы Урсунбай Факыр уулу акын болсо бул моментти башкача кабыл алмак. Аттиң, андай сезимдерден алыс айтылуу жармачы болгондуктан эртеси эле Сайказандын жыйынына алып чыгып “дресс-код эрежесин” кабыл алдырган. Ага ылайык Сайказанда иштеген жана жазып-тайып барып калган ким гана болбосун “дресс-код” эрежесине ылайык кийинип жүрүүгө милдеттүү болуп калышкан.

Кечээ, Сайказанда чыр чыкты. Кайсы бир маселе менен чакырылган, кайсы бир чиновник шашканынан үстүндөгү жемпери, анын үстүнө баса кийилген костюму менен барып калыптыр. Анын мындай кийинип келишин жармачылар “сыйлабагандык” катары кабыл алышып, чуу чыгарышты. Баарынан жармачы Миржан Факыров катуу чычалап “бул жер сизге базарбы” деп бечара чиновникти беттен алып чыгарып жиберген.

Кантсе да жармачы Миржан Факыров үйүнө барып катуу ойлонсо керек, кечээ ошол жоругу үчүн алиги чиновниктен кечирим сурады. Башка жармачылар муну инцидент катары кабыл алышып, мындан кийин “дресс-код” эрежесин сактабагандарды Сайказандан кантип айдап чыгабыз дешип санаага батышууда...Сыягы, мындан ары “дресс-код” эрежесин сыйлабагандарга башка жаза колдонушат окшойт.

Пикир

Оставить комментарий