• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата студенттер арасында сынак өткөрүлдү

Жармастан 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Күн мурун Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында залкар жазуучунун 95 жылдыгына карата анын чыгармаларынан сахналаштырылган театралдык көрүнүш көрсөтүү боюнча сынак өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сынак Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп, ага Ош шаарындагы жалпы 7 окуу жайдын студенттери катышты.

Сынактын шарттары боюнча ар бир катышуучу топ Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан бирөөнү тандап алып, тарбиялык маанисин, мазмунун өзгөртпөстөн сценарийин жаңыдан жазып чыгып, чагылдырды.

Жыйынтыгында баалоо критерийлерине жараша төмөнкү окуу жайлардын командалары жеңүүчү деп табылды:

  • 1-орун – 30 миң сом Ош мамлекеттик университети;
  • 2-орун – 20 миң сом Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайы;
  • 3-орун – 15 миң сом Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети.

Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын даңазалоо жана ар тараптуу ачып берүү, улуу жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу менен бирге жаш муунду мекенчилдикке, адамгерчиликке, мыкты сапаттарга тарбиялоо, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, рухий дөөлөттөрүн жана маданий-тарыхый мурастарын даңазалоо максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий