• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Футзал боюнча улуттук кураманын 2024-жылкы Азия Кубогундагы атаандаштары аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 14.12.23. /Кабар/. Футзал боюнча 2024-жылкы Азия Кубогунуна чүчүкулак тартуу аземи өттү. Иш-чара бүгүн Куала-Лумпур шаарындагы Азия футбол конфедерациясынын баш кеңсесинде өткөндүгүн КР Футзал ассоциациясынан билдиришти.

Анын жыйынтыгында командалар 4 тайпага бөлүндү.

Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы «С» тайпасында орун алды. Улуттук курама менен кошо тайпада Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея курамалары жайгашты.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин оюндары 2024-жылы 17-28 апрель күндөрү Таиландда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий