Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июлда Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күндүн экинчи жарымында жана кечинде күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.
Жарандарга өздөрүнө сак болуу сунушталат.
Пикир
Оставить комментарий