• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын облусунда эки бала бакча капиталдык оңдоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Дыйкан айылында жана Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында эки бала бакчаны капиталдык оңдоо аяктап калды. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын координатору Камила Алыкулова билдирди.

Анын маалыматында, оңдоо иштери аяктаган соң, мурда жараксыз болуп, калыбына келтирилген имаратта кошумча топтор ачылат. Бала бакчаларда каалга, терезелер алмаштырылып, дубалдар акталып, жылууланды. Жылуулук, суу жана канализация түйүндөрү оңдолуп, сантехника орнотулуп, электр камсыздоо жаңыртылды. Эки жумадан кийин балдар жаңыланган бала бакчанын босогосун аттай алышат.

Бала бакчалардын оңдоо жергиликтүү коомчулуктун демилгесинин жана “БИРГЕ – Коомчулуктардын демилгелерин колдоо аркылуу социалдык биримдикке жетишүү” долбоорунун алкагындагы гранттын негизинде ишке ашты. Долбоор MSDSP KG коомдук фонду тарабынан Бүткүл дүйнөлүк банктын жана Ага Хан фондунун каржылык колдоосу менен аткарылат. Ар бир бала бакча үчүн гранттык сумма 1,5 млн сомго жакын каражатты түздү.

Белгилей кетсек, бул бала бакчаларды оңдоо чечими айыл тургундары менен жолугушуунун жана социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий