• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

«Чычканда» «Эс алуу-2024» туристтик кызматтардын көргөзмө-жарманкеси өтөт

Аймак 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. "Чычканда" туристтик комплексинде 5-7-июлда туристтик кызматтардын "Эс алуу-2024" көргөзмө-жарманкеси өтөт.

КР Соода-өнөр жай комплексинен билдиришкендей, иш-чара туризмди өнүктүрүү, активдүү эко-эс алуу жана Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө эл керектөөчү товарларды жайылтууга багытталган.

Көргөзмөгө май, суусундуктар, кымыз, бал, эт жана сүт азыктарын, балык жана башка жергиликтүү өндүрүшчүлөр катышат.

Эскерте кетсек, иш-чара 2024-жылдын 5-июлунан 7-июлуна чейин Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Ала-Бел ашуусунда жайгашкан «Чычкан» көп тармактуу маданий-туристтик комплексинин базасында кооз аймакта өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий