• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Чыгыш-5 кичи районунда лифт жабдууларын модернизациялоо иши уланууда

Коом 0

Бишкек, 19.09.24./Кабар/. "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасы Чыгыш-5 кичирайонунда лифт жабдууларын модернизациялоо ишин активдүү улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, модернизациялоонун жүрүшүндө лифт жабдуулары толук алмаштырылып, техникалык системалары жаңыланып, заманбап механизмдер орнотулууда. Иштердин жүрүшүндө эски лифттер демонтаждалып, жаңы кабиналар жана башкаруу системалары орнотулат, ошондой эле лифттерди ишке киргизүүдөн мурун техникалык текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Долбоордун негизги максаты – эскирген лифттерди жаңы, заманбап лифттерге алмаштырып, тургундар үчүн коопсуздукту жана ыңгайлуулукту жогорулатуу.

Пикир

Оставить комментарий