• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

COVID-19. 13 тез жардам унаасынын кымбат баада сатып алынышы боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын жооптуу адамдарына карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Каржы полициясы билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан “Газель Соболь” (10 унаа) жана “Форд Транзит” (3 унаа) үлгүсүндөгү 13 тез жардам унаасын кымбат баада сатып алуу фактысы аныкталган.

Учурда аталган факт иликтенип, жогорку кызматтагы адамдардын ага тиешеси бар же жоктугу аныкталууда.

Пикир

Оставить комментарий