• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

COVID-19: Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Баткен облусунда коронавирусту жуктурган алгачкы учур катталган. Ал жаран Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну. Буга байланыштуу Баткен районунун үч айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди.

"Район акими Каланбек Маркаев тарабынан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарына өзгөчө кырдаал тартиби киргизилди. Акимдин буйругуна ылайык, бул айыл аймактарга блок посттор коюла баштады", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-мартта коронавирусту жуктурган дагы 6 учур катталды. Алардын бардыгы Сауд Арабиядан кичи ажылыктан (умра) келгендер. Жарандардын бешөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун, ал эми бирөө Баткен облусунун Баткен районунун тургуну. Алардын жаш курагы 45тен - 74 жашка чейин. Үчөө аялдар, үчөө эркектер. Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле күн мурун, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны он экиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий