• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Күн мурун коронавирустан каза тапкан киши медицина кызматкеринин жолдошу болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Кечээ, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 коронавирустук инфекциясынан каза болгон эркек киши, №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкеринин жолдошу болгон. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каза болгон адамдын аялы коронавирус илдетинен айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев COVID-19 жуктуруп алган эки адамдын каза болгону тууралуу билдирген.

Анын бирөөсү 55 жаштагы эркек киши болгон. Бейтапта эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому диагноздорунан тышкары, өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон. Акыбалы начарлагандыгына байланыштуу, 2-майда реанимация бөлүмүнө которулган.

Дарылоо аракеттерине карабастан, бейтап каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий