Бишкек, 26.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 4 миң 346 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 125 адам вакцинанын биринчи дозасын, 2 миң 221 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 213 миң 683 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 999 миң 827 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Пикир
Оставить комментарий