• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Акыркы сутка ичинде коронавируска каршы 853 адам вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 853 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 513 адам вакцинанын биринчи дозасын, 340 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 134 миң 636 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 913 миң 629 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий