• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

COVID-19: Бишкектеги ооруканаларда 148 орун бош, 44 бейтап жандандыруу бөлүмүндө

COVID - 19 0

Бишкек, 19.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги ооруканаларда 148 орун бош. Бул тууралуу Бишкектеги Бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова билдирди.

Анын айтымында, 19-апрелге карата борбор калаада коронавирус 152 адамдан табылган.

“Үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта 5 миң 704 адам үй карантинге алынган. Анын 3 миң 906сы байкоодон чыгарылган. Учурда 2 миң 880 адам байкоодо турат. Ошондой эле шаарда 19 мобилдик топ иштеп жатат. Алар жыл башынан бери 14 миң 386 жолу жарандарга чыгып, 13 миң 809 ПЧР анализ алган”, - дейт ал.

Искакова Бишкекте 805 орундуу 7 стационар иштеп жатканына токтолду.

“18-апрелге карата 657 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 399у орто оор, 200ү оор, 38и өтө оор абалда дарыланууда. Реанимациада 44 жаран жатат. Учурда ооруканаларда 148 орун бош”, - деп айтат дарыгер.

Директордун орун басары кошумчалагандай, шаарда жалпы 817 адам вакцина алды, алардын 456сы медик, 72си мугалим, 25и мамлекеттик кызматкер, 73ү 65 жаштан жогору адам, 6сы аскер кызматкери жана 185и башка катмардагы адам.

Пикир

Оставить комментарий