• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 198 адамдан табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда 10-январга карата коронавирус 198 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 136, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 29, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 66 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 459 бейтап, амбулатордук түрдө 952 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 65 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 347 киши айыгып чыкса, 2 миң 819 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий