• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19: Казакстанда аймактарга жөнөтүлүп жаткан вакцинанын көлөмү көбөйтүлдү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой ушул айдан баштап аймактарга жөнөтүлүп жаткан коронавируска каршы вакцинанын көлөмү көбөйтүлгөнүн билдирди.

«Өкмөт башчынын тапшырмасын жана эпидемиологиялык абалды эске алып, апрелде жөнөтүлүп жаткан вакцинанын көлөмү көбөйтүлдү: Нур-Султанга 284 миң, Алматыга 464 миң, Чымкентке 172 миң, Алматы облусуна 232 миң, Караганды облусуна 217 миң дозага чейин көбөйдү», — деди Цой.

Ал бүгүнкү күндө өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен биринчи жарым жылдыкта өлкөгө 6 миллиондон ашык доза вакцина алып келинет деп күтүлүп жатканын кошумчалады.

Министрдин бул билдирүүсү өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп, эмдөө иштеринин жай жүрүп жатканына байланышкан сын-пикирлер айтылып жаткан маалга туш келди. 6-апрелдеги маалыматка ылайык, Казакстанда вакцинанын биринчи компонентин сайдыргандардын саны 194 706 кишиге жетти.

Өткөн суткада Казакстанда коронавирус жуктурган 1 809 жаңы учур катталды.

Күн мурун Алматынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин шаардагы соода, көңүл ачуу жайларынын жана коомдук транспорттун ишине киргизилген чектөөлөрдүн алынышы боюнча түшүндүрмө берип, карантиндик чектөөлөр күтүлгөндөй натыйжа бербегенин билдирген.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Казакстанда коронавирус жуктургандар 256 837 кишиге жетип, 3 129 бейтап каза болду. Мындан тышкары 1-августтан бери өзүнчө эсептелинип жаткан «ковид типтүү пневмонияга» 50 839 киши кабылып, 709у көз жумду.

Апрелден тартып Алматы шаарында калкты жапырт эмдөө иштери башталган (февраль март айларында медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч түзүм кызматкерлери эмдөөдөн өткөн). Бирок вакцинанын жетишсиздигинен улам азыр бул иш токтоп калды.

Бийлик өлкөдө колдонулуп жаткан Россиянын «Спутник V» вакцинасынын жаңы партиясын күтүп жатат. Буга чейин Казакстандын QazCovid-in вакцинасын сыноонун үчүнчү баскычы 9-июлда аяктай турганы кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий