• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

COVID-19: Кыргызстанда акыркы аптада өлүмдүн жаңы учурлары катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда 12-18-апрель аралыгында коронавирустан адам өлүмүнүн жаңы учурлары катталган жок. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери илдетти өлкөдө 200 миң 980 адам жуктурган. Алардын ичинен 2 миң 991 киши көз жумган.

Дүйнөдө жалпысынан 504 млн 569 миң 964 адам бул илдетке чалдыкса, каза болгондор - 6 млн 198 миң 235 адам.

“Дүйнөдө пандемия бүтө элек, Кыргызстанга коронавирустун "стелс-омикрон" штаммдарын алып келүү коркунучу бар”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий