Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 341 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 131 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 210 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 169 миң 575 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 952 миң 907 жаран экинчи компоненти менен эмделди.
Пикир
Оставить комментарий