• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

COVID-19. Кыргызстанга кирүү жана чыгуу эрежелери бекитилди

COVID - 19 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстандан кирүү жана чыгуу эрежелерин бекитти. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасына кирүү жана чыгуу эрежелери:

  • Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык каттамдар жана автотранспорт каражаттары менен мамлекеттик чек арадан өтүүдө ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын (72 саат мурун чыгарылган) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүшү зарыл;
  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик түрү катары “Мен COVID-19суз саякаттайм” мобилдик тиркемесин колдоно алышат;
  • Учактын бортунда беткап кийүү жана антисептик каражаттарын колдонуу милдеттүү болуп саналат жана учакка COVID-19 клиникалык көрүнүштөрү жок жүргүнчүлөр гана киргизилет;
  • Жүйөлүү себептер менен ПЧР-тесттин мөөнөтү аяктап калса (72 саат ), жүргүнчүлөр экспресс-тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү;
  • 12 жашка чейинки балдарга ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы же толук эмдөө алгандыгы тууралуу маалымкат талап кылынбайт;
  • Өлкөдөн чыгуу үчүн ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы (72 саат мурун чыгарылган) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүк талап кылынат.

Башка өлкөгө учуу алдында, чет мамлекеттеги учурдагы эрежелерин билип алууңуз зарыл.

Пикир

Оставить комментарий