• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19. Өлкөдө 2 миң 482 адам коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 13.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын 2 миң 482 адам коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, ооруканаларда 509, үй шартында 1 миң 973 адам дарыланып жатат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 53 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 44 миң 881ди түзөт. Алардын ичинен 40 миң 922 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий