• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Кыргызстанда акыркы суткада 36 медкызматкерге коронавирус жуккан

COVID - 19 0

Бишкек, 16.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 36 медициналык кызматкер катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Бишкекте – 21, Чүй облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда беш медкызматкерден коронавирус аныкталган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7 миң 256 учур катталды.

Алардын ичинен бир суткада стационардан – 2 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча – 6 миң 953 медициналык кызматкер айыкты.

Пикир

Оставить комментарий