• 87
  • 90.41
  • 0.84

COVID-19: Нерв оорулары менен жабыркаган айрым бейтаптарга эмдөө жүргүзүлбөйт

COVID - 19 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Неврологияда кээ бир бейтаптарга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу брифингтин жүрүшүндө КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин штаттан тышкары башкы неврологу, Улуттук госпиталдын №3 неврология бөлүмүнүн бөлүм башчысы Жамал Тургунбаев билдирди.

Дарыгер төмөндө эмдөө алууга мүмкүн болбогон неврологиялык ооруларды тизмектеди:

- Эпилепсиянын оор формалары, фебрилдик талма;

- Борбордук нерв системасынын курч сезгенүү оорулары (менингит, энцефалит, миелит, полиомиелит);

- Инсульт (ишемиялык, геморрагиялык инсульт жана субарахноиддик кан кетүү) абал турукташканга чейин;

- Баардык неврологиялык оорулар, башкача стаматикалык оорулар менен коштолсо боор, бѳйрѳк, калкан без, кант диеабети, коронардык курч синдром. Ѳзгѳчѳ - ѳпкѳ оорулары, курч вирустук респиратордук инфекция, ичеги инфекциялары курч учурунда вакцина алуудан абайлоо керек. Бирок дене табы нормалдашкан учурда вакцина алуу сунушталат;

- Эгерде вакцинанын биринчи дозасын алган учурда бейтап анафилактикалык шок алып, дене табы 40градустан жогору болуп, кээ бир компоненттерди кѳтѳрѳ албай реакция жүргѳн болсо экинчи дозаны алганга болбойт.

"Тубаса иммундук системасы тѳмѳн адамдарга вакцина жасаганга болбойт. Бирок мындай жарандар аз кездешет. Бул жерде ВИЧ-инфекциясы жана СПИД менен ооруган бейтаптар тууралуу сѳз болгон жок. Булар вакцина алганга болот", - деди ал.

Тургунбаев Гийена-Барре синдрому менен ооруган бейтаптар толук турукташканга чейин вакцинадан кармануусу зарыл экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий