• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

COVID-19. Ооруканада дарыланып жаткан 559 бейтаптын абалы орточо оор, 13 кишинин абалы өтө оор - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан ооруканаларда дарыланып жаткан 559 бейтаптын абалы орточо оор. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал учурда ооруканаларда 700 бейтап дарыланып жатканын айтып, алардын абалы тууралуу маалымат берип өттү.

"Алардин ичинен 9 адамдын абалы канааттандырарлык, 559 кишинин абалы орточо оор, 119 бейтаптын абал оор жана 13 кишинин абалы өтө оор", - деди ал.

Коронавирус менен ооруган бейтаптарды кабыл алуу үчүн өлкө боюнча 1 миң 498 орун даярдалган.

"Алардын 193ү реанимация бөлүмдөрүндөгү орундар. Бүгүнкү күнү коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоого 95 дарыгер, 155 медайым тартылган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий