• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сутка ичинде 25 медик коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 25 медик коронавирустан айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ош шаарында бир жана Ысык-Көл облусунда бир медик ооруп калды.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 3 медкызматкер жана үй карантининен 22 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3241 учур катталды, алардын ичинен 2976 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий