• 87
  • 91.29
  • 0.84

COVID-19. Ооруканаларда 623 адам дарыланууда, 979 бейтап үй көзөмөлүндө болууда

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жуктурган 623 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал билдиргендей, 623 адамдын ичинен 42 бейтаптын абалы оор − 12 киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. 184 адамдын абалы орточо оор, 397 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Оорунун белгилери байкалбаган 979 бейтап жаңы алгоритмге ылайык үй көзөмөлүнө чыгарылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 24-июнга карата коронавирус жуктурган 207 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3726ны түзөт. Алардын ичинен 2082 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 42 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий