• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда вакцинанын бустердик дозасын бир күндө 775 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын бустердик дозасын (үчүнчү дозасын) бир күндө 775 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 90, Ош шаарында – 31, Чүй облусунда – 69, Ош облусунда – 194, Талас облусунда – 89, Нарын облусунда – 82, Ысык-Көл облусунда – 40, Жалал-Абад облусунда – 180 адам эмделди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 6-февралга карата коронавирус 110 адамдан аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий