• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустун мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна 200 млн сом даярдалды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) тарабынан коронавирустун мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна 200 млн сом даярдалды. Бул тууралуу аталган фонддун төрагасы Артурбек Жуманазаров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ооруканаларда 227 млн сомго дары-дармектер бар.

“Бир айлык керектөөчүлүк 95 млн сом деп эсептелген. Бизде 227 млн сом бар, бул эки айга кенен жетет. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан дагы 57 клиникага дары-дармектер берилген”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий