• 87
  • 90.41
  • 0.84

COVID-19. Ош шаарында 47 эмдөө борбору ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.21 /Кабар/. Бүгүн, 13-июлдан тарта Ош шаарында коронавируска каршы акысыз эмдөөчү 47 пункт иштеп баштады. Бул тууралуу Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдиргендигин, Ош шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул пункттарда «Синофарм» вакцинасы акысыз алууга болот. Эмдөөгө келген ар бир адам жанында паспорту (ID-card) болушу керек.

Ош шаарындагы эмдөө пунктарынын даректери:

- Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору: №1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11; Ош мамалекеттик университетинин дарылоо пункту жана Аэропорт – авиа шаарчыасы.

- ФАПтар: “Алмалык”, “Пятилетка”, Сай, Орке, Тээке, Арек, Төлөйкөн, Жапалак, “Сулайман-Тоо”, “Озгур”, “Беш-Калпак”.

- Мектептер: Гагарин, Алтыбаев, №27 Партсъезд жана Горький атындагы мектептерде.

- Ош шаарынын борбордук базары, “Фрунзе” жана “Келечек” кичи базарларында.

- «Глобус», «Фрунзе» гипермаркетинде, ошондой эле, Амир-Тимур аймагында жайгашкан почтада эмдөө жүрөт.

Мындан тышкары, ар бир үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун алдында эмдөөгө чейин консультация алуу үчүн мобилдик топтор уюштурулган. Ош шаары боюнча 12 мобилдик топ бар.

Пикир

Оставить комментарий