• 87
  • 90.41
  • 0.84

COVID-19: Пакистан Кытайдан 500 миң доза вакцина алат

Дүйнө 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Пакистандын аскердик учагы коронавируска каршы вакцинанын алгачкы партиясын алып келүү үчүн Кытайга учуп кетти.

Маалыматка караганда, учак Пакистанга SinoPharm вакцинасынын 500 миң дозасын жеткирет деп күтүлүүдө. Буга чейин Бээжин Исламабадга дал ушунча санда вакцина берүүнү убадалаган.

Пакистанда кытай вакцинасы менен биринчи кезекте медицина кызматкерлери эмделет. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө 400 миң медик эмдөөгө жазылган.

30-январда Пакистандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкө COVAX эл аралык программасынын алкагында британ-швед фармацевтикалык компаниясынын өндүрүшүндөгү AstraZeneca вакцинасынан да 17 миллион доза аларын билдирген.

Пакистандын Дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө башкармалыгы (DRAP) буга чейин өлкө аймагында колдонуу үчүн SinoPharm, AstraZeneca жана орусиялык «Спутник V» вакциналарын жактырган.

Gallup Pakistan уюму жакында жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык, пакистандыктардын дээрлик жарымы эмдөөдөн баш тартышы мүмкүн. Алардын көбү коронавирус тууралуу маалыматтардын басымдуу бөлүгү апыртылган деп эсептешет.

Бүгүнкү күндө Пакистанда COVID-19 жуктургандар 544 813кө жетип, 11 657 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий