Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-апрелде 25 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 462ге жетти.
- COVID-19 инфекциясын жуктурган жаңы 17 учуру катталды.
- Жалпы жуктургандар - 746.
- Ооруканада - 276, анын ичинен реанимация - 6.
- Каза тапкандар – 8
- Обсервацияда 864 адам жатат.
- COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 3 086.
- Окуучулар үчүн окуу жылы дистанттык формада аяктайт.
-Мекенине кайта албай калган мекендештерибизди жеринде колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдуктарына 10 млн сом бөлүндү.
- Кыргызстанда карантин мезгилинде 17 миң 43 ымыркай төрөлдү, алардын 68и эгиздер, бирөө үч эм.
-Үй карантинин бузгандыгы үчүн 36 адам жоопкерчиликке тартылды.
- Өткөн суткада өлкө боюнча коменданттык саат убагында тартип бузгандардын саны 110.
Пикир
Оставить комментарий