• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жол кырсыгынын кесепетинен жыгач устундар Лексустун алдыңкы терезесине кирип кеткен - видео

Кырсык 0


Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Юнусалиев көчөсүндө «Лексус-470» үлгүсүндөгү унаа жол-транспорт кырсыгына кабылган.

Бишкек комендатурасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, болжол менен саат 15.00дө «Лексус-470» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган Э.Э. аттуу жаран Юнусалиев көчөсү менен түндүк багытында бара жатып рулга ээ боло албай калып, курулуш материалдарын сүзгөн.

Кесепетинде жыгач устундар унаанын алдыңкы терезесине кирип кеткен. Айдоочу ар кандай жаракаттар менен шаардык №4 ооруканага жаткырылган.

Унаа айып короого токтотулуп, кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Комендатурадан белгилешкендей, айдоочу мас эмес болгон.

Пикир

Оставить комментарий