• 87
  • 90.41
  • 0.84

COVID-19: Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен жаңы алгоритм бекитилди - Каратаев

COVID - 19 0

Бишкек, 24.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен жаңы алгоритм бекитилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, алар атайын баракча даярдап, анда адамдын дене табы көтөрүлсө, алсыроо же оорунун белгилери байкала турган болсо эмне кылуу керектиги жазылган.

"Ошондой эле оорунун кайсы белгилерине кандай иш-аракеттерди көрүү керектиги да жазылган. Маалымат баракчасы эки тилде жазылып, таратылат. Алгоритмде эгерде оорунун белгилери билинбесе, температурасы 38°С ашпаса, ал бейтап амбулатордук үй шартында кандай дарылануу керектиги да жазылган. Бул бейтаптар стационарга жаткырылбайт", - деди ал.

Белгилей кетсек, 24-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3726 учур катталды. Алардын ичинен 629у медицина кызматкери. Илдеттен 2082 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 42 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий