• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бүгүнкү күндө 24 миң 901 адамдын анализи текшерилди — Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата коронавируска 24 миң 901 анализ текшерилди. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 25 миң 654тү түзөт. “Ал эми жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жалпы саны 24 миң 901. Сутка ичинде 753 изилдөө жүргүзүлгөн”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 419га жетет. Алардын ичинен 67 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий