• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

COVID-19: Төрт киши амбулатордук дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда 8-майга карата коронавирустун жаңы учуру жана оорудан сакайгандар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, республика боюнча амбулатордук дарыланууда төрт киши бар.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 993 адам коронавирус жуктурган. Анын ичинен 196 миң 406 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий