• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Дипломатиялык алакаларга 30 жыл. Кыргызстан менен Даниянын ТИМ башчылары куттуктоо каттары менен алмашты

Саясат 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Даниянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгына карата эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Йеппе Кофод куттуктоо каттары менен алмашышты. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Жээнбек Кулубаевдин куттуктоосунда мындай деп айтылат: “Сизди Кыргыз Республикасы менен Дания Королдугунун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм. Дания Кыргызстандын Европа багытындагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз кыргыз-дания мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө салым кошобуз деп ишенем. Урматтуу министр мырза, Сизге чың ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм”.

Ал эми Йеппе Кофоддун куттуктоосунда мындай деп айтылат: "Дания Королдугу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын майрамдоого байланыштуу Сизге жана сиздин өлкөңүзгө болгон эң жогорку урмат-сыйымды билдирем. 30 жыл мурунку ушул өзгөчө окуяга байланыштуу Кыргызстандын элине эң жылуу каалоолорумду билдирем. Ошондо Кыргызстан көз карандысыз, эгемен мамлекет болуп, эски кыялын ишке ашырды. Дания региондун коопсуздугу жана гүлдөп-өнүгүшү үчүн жалпы жоопкерчиликти өзүнө алуу менен сиздер менен жакын өнөктөш катары, анын ичинде Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун алкагында кызматташууга даяр.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргызстан элин буга чейин жетишилген маанилүү жетишкендиктери менен куттуктап, жакынкы жылдарда тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалоого уруксат этиңиз.

Мен Дания Королдугу менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы мындан ары да баалуу жана конструктивдүү кызматташууну чыдамсыздык менен күтөм”.

Пикир

Оставить комментарий