• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19: Ташкентте карантин үчүн үч оорукана курулат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Жакын арада Ташкентте адамдарды карантинге жаткыруу үчүн үч оорукана курулат. Бул тууралуу Өзбекстан Сенатынын төрагасы Танзила Нарбаева билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ташкентте парламенттин эки палатасынын катышуусунда жыйын болуп, коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча маселеси каралган.

"Президент жакынкы арада борбор калаада карантин үчүн үч оорукана курулу турганын билдирди", - дейт Нарбаева.

Нарбаеванын айтымында, оорукана кийин медицинанын башка багытында да колдонулууга болот.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда 21-мартка карата коронавируска чалдыккандардын саны 37ге жеткен.

Пикир

Оставить комментарий