Дүйнө чемпионаты – 2026: Үчүнчү тандоо туруна чүчүкулак тартылат

Спорт 0

Бишкек, 26.06.24. /Кабар/. Эртең, 27-июнда 2026-жылы өтө турчу дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо баскычына чүчүкулак тартылат.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, жалпы 18 улуттук курама команда 6 тайпадан 3 топко бөлүнөт.

Оюндар болсо 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июль айына чейин өтөт. Беттештердин жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эки мыкты команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат.

Ал эми тайпаларда үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген командалар 4-квалификациялык раундда 2 жолдомо үчүн күрөшөт. Плей-офф оюндары аркылуу дүйнө чемпионатына дагы бир жолдомо ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий