• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жеңиш кубогу - 2023: “Достук” командасы жеңүүчү болду

Спорт 0

Бишкек, 10.05.23. /Кабар/. Кечээ, 9-майда Жалал-Абад облусунун “Телтору” ат майданында Улуу Жеңиш күнүнө арналган спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Турнирдин алкагында көк бөрү боюнча беттештер өтүп, бардык аймактан келген 35 команда катышты.

Жогорку лигада алты команда, биринчи лигада 12 команда, экинчи лигада тогуз команда жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында сегиз команда беттешти.

Мелдештин жыйынтыгы:

Жогорку лига:

1-орун — “Достук” (700 миң сом);
2-орун — “Сары-Өзөн” (400 миң сом);
3-орун — “Ынтымак” (200 миң сом);
4-орун — “Мурас” (100 миң сом);
5-орун — “Жаштык” (50 миң сом);
6-орун — “Алтын-Алянс” (50 миң сом);

Мыкты оюнчу — Ниязов Манас (50 миң сом);
Мыкты аргымак — Мельбург (10 миң сом).

Биринчи лига:

1-орун — “Ийгилик” (150 миң сом);
2-орун — “Өзгөн” (80 миң сом);
3-орун — “Ысык-Ата” (50 миң сом);

Мыкты оюнчу — Тургунбаев Эржан (5 миң сом);
Мыкты аргымак — Бишкек(5 миң сом).

Экинчи лига:

1-орун — “Кара-Кулжа” (70 миң сом);
2-орун — “Талас шаары” (50 миң сом);
3-орун — “Биримдик” (30 миң сом);

Мыкты оюнчу: Сейитказы уулу Айтмерек (5 миң сом);
Мыкты аргымак: Беш—Кашка (5 миң сом).

40 жаш:

1-орун — “Бишкек-Сергүү” (70 миң сом);
2-орун — “Жети-Дубан” (50 миң сом);
3-орун — “Талас” (30 миң сом);

Мыкты оюнчу — Алсеитов Мирлан (5 миң сом);
Мыкты аргымак — Деңиз (5 миң сом).

Пикир

Оставить комментарий