• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жаңыланган FIFA рейтинги. Кыргызстан бир позицияга төмөндөдү

Спорт 0

Бишкек, 29.06.23. /Кабар/. Бүгүн FIFA уюму футбол боюнча улуттук курамалардын дүйнөлүк рейтингин жарыялады. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты.

Ага ылайык, Кыргызстандын улуттук курама командасы бир позицияга төмөндөдү — буга чейин 96-орунда болсо, эми 97чи баскычта (211 орундун ичинен).

АФКнын рейтингинде улуттук курамакоманда 46 орундун ичинен 17-сапта жайгашкан.

Аргентина, Франция жана Бразилия топ 3 дүйнөлүк рейтингдеги лидерлер болгон. АФК рейтингиндеги алдыңкы үч лидери - Япония, Иран жана Австралия

Азия Кубогу: "F" тайпасындагы командалардын рейтинги:

  • Сауд Арабиясы - 53-орун (0,0)
  • Оман - 73-орун (-1.09)
  • Кыргызстан 97-орун (-0.64)
  • Таиланд - 113-орун (+ 2,49)

Пикир

Оставить комментарий