Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды.
Акматалиев 70 кг салмакта эркин күрөш боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы молдовалык Максим Сакултан болуп, Акматалиев аны 14:2 эсебинде утту.
1/4 финалда Эрназар Акматалиев болгариялык Рамазан Рамазанов менен беттешет.
Эскерте кетсек, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүп жатат. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.
Кыргызстандын куржунунда учурда үч медаль бар: грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов (77 кг) менен Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алтын жана Амантур Исмаилов (67 кг) коло уткан.
Пикир
Оставить комментарий