• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курамасы Хорватияда өтчү мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Загреб шаарында (Хорватия) өтө турган “ZAGREB OPEN” биринчи рейтингдик мелдешине катышат.

Мелдеш 10-14-январь күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:

- 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
- 68 кг Нурзат Нуртаева;
- 76 кг Айпери Медет кызы.

Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.

Эскерте кетсек, ал эми курама команда 15-22-январь күндөрү Тата шаарында (Венгрия) өтө турган Эл аралык окуу-машыгуу жыйынына катышат.

Курама команданын тизмеси:

- 59 кг Калмира Билимбек кызы;
- 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
- 68 кг Нурзат Нуртаева;
- 76 кг Айпери Медет кызы.

Пикир

Оставить комментарий