• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Белбоо күрөшү боюнча курама команда дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек. 12.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында (Казакстан) өтө турган дүйнө чемпионатына катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашкандай, мелдеш 14-17-июль күндөрү өтөт.

Курама команданын тизмеси:
Эркектер арасында курама команда:
- Бей-Барс Анарбеков, Кудайберди Жакыпов (57 кг);
- Нурлан Садыралы уулу, Толубай Шүкүров (62 кг);
- Нурсултан Мелис уулу, Мирлан Осмоналы уулу (68 кг);
- Айболот Аманов, Манас Үсөнов (75 кг);
- Мадаминбек Шаршеналы уулу, Шабдан Сатыбалдиев(82 кг);
- Бектуркан Кожомуратов, Болотбек Туратов (90 кг);
- Баяман Мыктыбеков, Баястан Идирисов(100 кг);
- Бактияр Мирлан уулу, Улукбек Күрүчбек уулу (+100 кг).
Кыз-келиндер арасында:
- Нурзада Нурисбекова (52 кг);
- Аяна Рыскулова (58 кг);
- Айжан Анарбекова (+76 кг).

Курама команда машыктыруучулар Тамчы Эсенбек уулу жана Нурбек Кожобековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий