• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Дүйнө чемпионаты. Кыргызстандын тайбокс боюнча жаштар курамасы байгелүү орундарга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын тайбокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Таиланддын Бангкок шаарында өткөн дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, балдар арасында Рамис Масловец 42 кг чейинки салмакта жана кыздар арасында Милана Шихшабекова 51 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болушту.

Курама команда башкы машыктыруучу Дильшат Даутовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий