• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мессинин сүрөтү Аргентинанын банкнотунда пайда болушу мүмкүн

Спорт 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Футболчу Лионель Мессинин сүрөтү Аргентинанын 1000 песолук банкнотунда пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Лента.ру басылмасы жазат.

Басылманын маалыматына караганда, Аргентинанын Улуттук банкынын өкүлдөрү Лисандро Клери менен Эдуардо Хеккер банкноттун жаңы дизайнынын чыгышы аргентиналыктарды аны чогултуп, коллекция кылууга түрткү берет деп эсептешет.

Мессинин сүрөтү 1000 песолук банкнотунда пайда болушу мүмкүн, анткени футболчу 10 сандагы номерде ойнойт. Ал эми банкноттун арткы бетинде команданын башкы машыктыруучусу Лионель Скалонинин лакап аты La Scaloneta деген жазуу болот.

Аргентинанын курама командасынын капитаны Лионель Месси 2022-жылы Катарда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган. Финалда Мессинин командасы мурунку чемпион Францияны жеңип алган.

Учурда Месси Франциянын “ПСЖ” командасында ойнойт.

Пикир

Оставить комментарий