• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жаныбеков: Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын экспорту өстү

Экономика 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. 2022-жылы Кыргызстанда былтыркы жылга салыштырмалуу дыйканчылык продукциясынын экспорту 145%га, ал эми мал чарба продукциясынын экспорту 350%га өстү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

"Биз быйыл Кыргызстанда өндүрүлгөн мал чарба продукциясынын экспортун жогорку деңгээлге чыгара алдык. Мындан тышкары, кайра иштетилген продукциянын экспортунун көлөмү дагы дээрлик 30%га, балык чарбасында өндүрүлгөн көлөм дагы, экспорт дагы эки эсеге көбөйдү", - деди ал.

Министр белгилегендей, бул чет өлкөдөгү рыноктордо Кыргызстандагы өндүрүлгөн жана кайра иштетилген айыл чарба продукциясынын сапаты жана атаандаштыгы боюнча суроо-талапка ээ болуп жатканын көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий